Балык багуу – пайдалуу киреше булагы!

Балык багуу – пайдалуу киреше булагы!
5-Апр. 2017, Шаршемби

Азыркы учурда жумушсуз калган же жумушу туруп кошумча акча табууну каалаган адамдарды арабыздан көп эле жолуктурсак болот. Буга Кочкор районунун Семиз-Бел айылынын 24 жаштагы тургуну Алайдар уулу Адилетти мисал катары айтсак болот. Бул каарманыбыз «Zaman.kg» сайтына балык өстүрүп да байыса болоорун жана ал үчүн эмнелерге көңүл буруу керектиги боюнча пикирин бөлүштү.

Каарманыбыз жылдан жылга акча табуунун түрүн өздөштүргөн. Анткени, ал техникалардын түрү менен элге кызмат көрсөтүп, өз оокатын тың жүргүзүү менен жашоосун бир кыйла жакшыртууга жетишкен. Ошондой эле ал техникалардын түрүн иштетүүдөн сырткары кошумча акча табуу үчүн балык өстүрүүнү ата-энеси жана бир туугандары менен колго алган. Алар балык өстүрүү үчүн Семиз-Бел айылынын чет жакасына атайын көлмө куруп, карп жана фазан балыктарын өстүрүшүүдө. Башкача айтканда, келечекте балык өстүрөм дегендерге үлгү болоорлук чарба акырындык менен өз ишин илгерилетүүдө.

(Балык баккан көлмөнүн бийиктен жана жакындан көрүнүшү)

Алайдар уулунун айтымына караганда, сырттан караган кишиге балык багуу оңой көрүнгөнү менен анын да өзүнчө чоң түйшүгү бар. Анткени, балыкты сууга кое берип койсоң эле ал өзүнөн-өзү өсүп, кирешелүү бизнес болуп калбайт.

«Балык багуу оңой иш эмес. Анткени, балыкты да мал баккандай эле багуу керек. Себеби, балыктар үчүн да атайын тоют камдайсың. Башкача айтканда, бул балыктарга корм, буудай, арпа, чөп ж.б камдап, тамак катары беребиз. Ал эми биздин көлмөгө көбүнчө жергиликтүү жана Бишкектен балык сүйүүчүлөр келип кайырмак салышат. Анткени, көлмө башка көлмөлөргө салыштырмалуу таза. Себеби көлмөнүн бир башынан суу кирип, экинчи башынан суу чыгып тургандыктан көлмөнүн ичинде балыр жокко эсе. Балыр жок болгондуктан, балыктын да эти балыр жыттанбай даамдуу болот. Ошондуктан балык сүйүүчүлөр балык кармаш үчүн шаардан бери биздин көлмөгө келип, өздөрүнүн черин жазып кетет. Биз балык менен бир беткей кетпестен башка да иштер менен алектенебиз, ошондуктан кардарлардын кайырмагына балык түшүп жатабы? Түшүп жатса алар канча балык кармап жатат? Ушул иштерди көзөмөлдөй албай калып жатабыз. Буйурса, бул маселени да чечебиз. Негизи балык багууга кетирген чыгымдарды балык актайт. Бир гана жакшылап караш керек экен. Карабасаң эле балыктар да ооруйт экен. Ошондой эле бош эмес убактыңдан пайдаланып, уруксатсыз түн ортосунда балык кармагандар да четтен чыгат экен», - деди Алайдар уулу.

«Ошондой эле балык багып жатканда аларды жырткыч айбандардан сактоо зарыл. Мисалы көлмөгө норка, андатыр келип, алар уялап, балыктарды кырып салат экен. Андан сырткары куштар чабактарды четинен терсе, уй балыктар (итикелер) икралардын жанын койбойт. Ошентип отуруп өлгөндөн же кырылгандан калган чабактар болжол менен 10-15 пайызды түзөт. Бул балыктар өлбөй аман калса, анда алардын эң чоңу орто эки чара эт берет. Ошондуктан балык багууда өзгөчө көңүл буруу талап кылынат. Эгер балык багам дегендер болсо, анын ири көлөмдөгү акча каражаты болушу керек. Себеби, балык сүйүүчүлөрдү тынымсыз балык менен камсыз кылуу үчүн көлмөңдө ар дайым балык болуп турушу зарыл. Ал үчүн көлмөгө чабактарды убагында алып келип, кое бербесең көлмөңдө балык калбай калат да, бул кардарларыңды нааразы кылат. Андан сырткары, эң биринчи балыкка тамак камдаш керек»,- деп кошумчалады ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!