Путин иш сапары менен Кыргызстанга келет

Путин иш сапары менен Кыргызстанга келет
28-01-2017

Февраль айында Россиянын президенти Владимир Путин расмий иш сапары менен Кыргызстанга келээри күтүлүүдө. Бул тууралуу Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Путиндин иш сапары Борбор Азия мамлекеттеринде болуп, анын ичинде Тажикстан менен Кыргызстанга келет. Учурда иш сапарга даярдык иштери жүрүүдө.

Ал эми Кыргызстандын президенттик аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү бул тууралуу азырынча расмий билдирүү тарата элек.

Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!