Москвада 5 күн кармалган жаран мекенине кайтат

6-Июль 2017, Бейшемби

Москва шаарындагы “Домодедово” аэропортунда Кыргызстандын жараны Ш.Н. 5 күндөн бери кармалып турганы туурасында айрым жергиликтүү интернет сайттарында маалымат тараган. Бул боюнча Кыргызстандын Россиядагы элчилиги түшүндүрмө берди.

“Элчиликтин кызматкерлери бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 1-июлда жаран Франциядан транзит менен Греция аралы аркылуу Москвага учуп келген. Аэропорттон ал жаран сапарынын максаты туура эмес, анын өлкөгө келүүсү чындыкка дал келбейт деген негизде Россиянын аймагына киргизилген эмес. Чек ара кызматкерлери жакынкы убакта ал кайра Грецияга депортациялана турганын билдиришти. Орусия тараптын көмөгү менен кыргыз жаранын Бишкекке жөнөтүү тууралуу макулдашуу жетишилди”,-деп билдиришти элчиликтен.

Учурда жарандын авиабилетин сатып алуу маселеси чечилүүдө. Элчилик бул боюнча көзөмөл жүргүзүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!