12-июль: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

12-Июль 2017, Шаршемби

Бүгүн, 12-июлда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16...+21, күндүз +28...+33;

Талас аймагында түнкүсүн +11...+16, күндүз +24...+29;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +28...+33;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12...+17, күндүз +21...+26;

Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +19...+24;

Бишкек шаарында 12-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +19...+21, күндүз +29...+31 градус ысык болот.

Ал эми 13-14-июлдарда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!