“Оймо” эл аралык фестивалы старт алат

25-Июль 2017, Шейшемби

Үстүбүздөгү жылдын 27-30-июлунда Кыргызстанда кол өнөрчүлөрдүн эл аралык XII “Оймо-2017” фестивалы өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, фестиваль Бишкекте башталып, Ысык-Көлдө аяктайт. Иш-чарага жалпы жонунан ар кыл мамлекеттин 120 кол өнөрчүсү өз буюмдарын эл назарына алып чыгат.

Иш-чара кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн рыногун кеңейтүү, каада-салтты сактоо, кереметтүү Ысык-Көлдү экологиялык жактан таза эл аралык туризм аймагына айландырууну көздөйт.

Эл аралык фестивалдын алкагында кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар өткөрүлөт, дизайнерлердин мода көрсөтүүсү болуп, жаш сүрөтчү жана акындардын арасында сынак жүргүзүлөт. Мындан тышкары, экологиялык акциялар жүрүп, ырчы-чоорчулар өз өнөрлөрүн тартуулайт.

Уюштуруучулардын билдирүүсүндө, фестиваль 27-30-июлга чейин ордо калаанын "Ала-Тоо" кинотеатрынын аймагында болот.

Ал эми 1-6-август күндөрү Чолпон-Ата шаарынын борбордук аянтында уланат.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!