Жеңиш майрамына карата болчу иш-чаралар

4-Май 2017, Бейшемби

Улуу Ата Мекендик согуштун 72 жылдыгына карата Бишкекте бир катар түрдүү майрамдык иш-чаралар өтмөкчү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жеңиш майрамына карата 5-май күнү саат 16.00дө “Гармония” Россия маданият борбору тарабынан уюштурулган Жеңиш аянтынан Бишкек-Каракол багыты боюнча авто жүрүш уюштурулат.

6-майда саат 8.00дө Жаш Гвардия проспектисиндеги эстеликтин алдында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилет. Саат 10.00дө Талгат Бегелдиновдун эстелигинин алдында дагы митинг-реквием болот.

9-майда саат 10:00дө Түштүк магистралда Бишкек шаардык кеңеши тарабынан өткөрүлгөн "Өлбөс полктун" жүрүшү башталат. Жөө жүрүш Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш паркына чейин келип, иш-чара митинг-реквием менен уланат. Саат 10.00дө Өчпөс отко гүл коюлат. Ал эми 10.45де конокторго аскер тамагы берилет. Ушул эле учурда Шопоков көчөсүндө концерттик программа башталат.

Ал эми 12.00дөн 16.00гө чейин Дайыр Асанов атындагы Жеңиш багында митинг-реквием жана майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

10.00дөн 16.00гө чейин шаардыктар менен авто сүйүүчүлөр унаа жарыш уюштурушат. 50гө жакын машина "Бишкек" эркин экономикалык аймагы — Чыңгыз Айтматов проспектиси — Жибек Жолу проспектиси — Курманжан датка көчөсү — Шабдан баатыр — Түштүк магистраль — Абдрахманов көчөсү — Абай көчөсүндөгү карылар үйү маршруту боюнча жүрөт.

21.00дө шаар тургундары менен коноктор эски аянт менен Мамлекеттик тарых музейиндеги фейерверкке күбө боло алышат.

Бүгүнкү күндө Бишкектин социалдык коргоо органдарынын эсебинде 1499 ардагер каттоодо турат. Алардын 162си-согушка катышкандар, 21и - концлагердин туткундары, 14ү - Ленинград блокадасынын катышуучулары, 112си - тылда эмгектенгендер (майыптыгы барлар), 411и - тылда иштегендер (майыптыгы жоктор), согушта каза болгон 16 үй-бүлө, 212 майып жана 513 ардагер апалар.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!