​Боом капчыгайынан 4 киши жабыркады

25-Июль 2017, Шейшемби

Кечээ, 24-июлда Бишкек-Балыкчы жолундагы Боом капчыгайында унаа кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Саламаттыкты сактоо министринин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, кырсыкка кабылган жеңил унаанын ичинде 4 адам болгон. Алардын бири ошол жерден мүрт кеткен.

Жабыр тарткандар жаш жигиттер болгон. Алар Б.у.Д. 1994-жылы туулган. Анын баш мээси чайкалган. Абалы оор учурда реанимация бөлүмүнө жаткырылган.

Экинчи жабырлануучу Б.у.У. 1994-жылы туулган. Баш мээсинен жаракат алган, абалы орточо деп айтылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!