Жол кырсыктан эки адам жабыркады

25-Июль 2017, Шейшемби

Бишкек-Торугарт жолундагы автокырсыктан эки адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын патрулдук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 24-июль күнү Бишкек-Торугарт жолунун 114-чакырымында катталган. Анда МАН үлгүсүндөгү жүк ташыган унаа чыгыштан батышты карай бара жатып, Хонда үлгүсүндөгү жеңил унаа менен бетме-бет сүзүшкөн. Натыйжада жеңил унаадагы айдоочу менен жанындагы жүргүнчүсү жаракат алып, Кемин райондук ооруканасына жаткырылган.

Дарыгерлер жеңил унаадагы жүргүнчүлөрүнүн баш мээси чайкалгандыгын, бирок абалдары канааттандырарлык экенин баалашууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!