​ТИМ: жабыркаган жарандар жок

25-Июль 2017, Шейшемби

Кечээ, 24-июлда жергиликтүү убакыт менен саат 15:55те Пакистандын Лахор шаарынын Кот Лакхпат базарында террорчулардын чабуулу болду. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министринин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, жанкечтилердин чабуулунан 26 адам каза тапкан. 9 полиция жана 50дөн ашуун адамдар ар кандай жаракат алды.

Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин маалыматы боюнча, террордук чабуулдан жабыркаган кыргыз жарандары жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!